• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Нарында «КСДП Атамбаевсиз»деген жыйын өтүүдө

28 Аяк оона 201815:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 28-сентябрда Нарында «Нарын жаштар ордосунда»  Социал Демократтар 
 Партиясынын 60ка  жакын мүчөлөрү «КСДП Атамбаевсыз»- деген лозунгдун алдында жыйын өткөрүп жатышат. Бул туурасында  социал-демократтар партиясынын мүчөсү, мурунку Чүй областынын башчысы Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Жеринен алынган сүрөттөр

Жеринен алынган сүрөттөр

Белгилей кетсек, Республиканын бардык аймактарында «Атамбаевсиз КСДП» деген лозунгдун алдында конференция өткөрүү керек экендигин  КСДП мүчөлөрү кабыл алган резолюциянын пункттарынын бири  болгон.

Алар КСДПнын ээлеген абалын солгундотпоо үчүн, партияны бөлүнүп жарылуудан сактап калуу үчүн, тез арада төмөнкү чаралар көрүлүүгө тийиш экендигин белгилешкен:

1.  Республиканын баардык аймактарында, «КСДП Атамбаевсыз», деген ураандын алдында партиянын райондук, облустук кезексиз конференцияларын өткөрүү.

2.    Партиянын кезексиз съездин чакыруу.

3.    Партиянын саясий кеңешиндеги жана партиядагы татыксыз адамдардан арылуу.4.

Партия мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде, партиянын  мамлекетти өнүктүрүү программасын кабыл алуу.

Количество просмотров: 11