• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Нарында сууга кулаган 6 жаштагы кыз изделүүдө

20 Бугу 20199:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Нарын облусунун Миң-Булак айылында ӨКМ кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери менен биргеликте Он-Арча суусуна кулап кеткен 6 жаштагы кызды издөөнү улантышууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат катчылыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жалпысынан 26 куткаруучу топ Он-Арча суусунун жээгинде издөө иштерин жүргүзүп, атайы 4 суучул чакырылган.

Белгилей кетсек, 17-май күнү 6-жаштагы кыз ойноп жатып сууга бут кийимин агызып жиберип, аны алам деген кыз сууга агып кеткен.


Количество просмотров: 15