• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Нарында сууга түшүп кеткен бала 16 күндөн бери табыла элек

23 Жалган куран 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

Нарында сууга түшүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 22-мартта издөө иштерине Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулду. Бүгүн, 23-март күнү улантылат.

Белгилей кетсек, 7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен. Издөө иштери дароо башталганына карабастан бүгүнкү күнгө чейин натыйжа бербей келет.

Количество просмотров: 182