• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Тыныбекова алтын үчун күрөшөт. Нарын сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

22 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ИЗДӨӨДӨГҮ ӨЗБЕК ЖАРАНЫ ЧҮЙДӨН  КАРМАЛДЫ

Өзбекстандан оор кылмыш жасап, качып жүргөн адам Чүй облусунан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын 1999-жылы туулган жараны Б.С. 2020-жылдын февраль айында айылдашын бычактап өлтүрүп, качып кеткен деген шек менен Фергана облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан изделип жаткан

Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (атайылап киши өлтүрүү) менен иш козголгон.

Кармалган шектүү Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынды.

СУУГА ТҮШҮП КЕТКЕН БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Нарын облусунда 21-апрелде саат 19:50лөр чамасында Эмгек-Талаа айылынан өткөн Нарын дарыясынын жээгинде баланын сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жерине төрт куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Баланын өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды

Эске салсак, бала 7-март күнү Орто-Нура айылынан өткөн Нарын дарыясына түшүп кетип, издөө иштери башталган.

АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА ФИНАЛГА ЧЫКТЫ

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.

62 килограмм салмакта күрөшкөн Тыныбекова жарым финалда өзбекстандык атаандашын жеңсе, ал эми финалда япониялык балбан кыз Нонока Озаки менен күрөшөт.

Бул Азия чемпионатында кыргызстандык 76 килограммдык салмакта Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта күмүш байге алды.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Алгачкы эки мелдеш күнү грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Бул мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болду. Чемпионаттын акыркы эки күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар болот.

Количество просмотров: 266