• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нарында жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп токтоду

20 Үчтүн айы 2019 16:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.01.2019. Govori.TV

Нарын шаарында жүк ташуучу унаа турак үйлөрдүн бирин сүзүп токтоду. Окуя кечээ, 19-январда саат 23:30 чамасында катталган.
Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарынан чыккан унаа Кытайга кетип бара жатып шаардын 64 аймагындагы турак үйдү сүзгөн.


Ал эми үй ээси Турат Дүйшөбаевдин айтымында, окуя алар сыналгы көрүп жаткан учурда болгон.

«Кечээ түнкү саат 23:30да үйдө жубайым жана 3 балам менен сыналгы көрүп жатканбыз. Бир маалда тарс деген үн чыкты, баарыбыз төшөккө чүмкөнүп жатып алдык. Электр жарыгы да өчүп калды. Эшикке чыксам «КамАЗ» үйдү сүзүптүр. Айдоочу «мени чыгаргыла, бутум кыпчылып калды» деп кыйкырып жатыптыр. Ошол эле убакта ӨКМдин куткаруучулары, тез жардам жана жол кайгуул кызматы келип калды. Айдоочуну чыгарып алып кетишти. Унаа сүзгөн бөлмөдө жашачу эмеспиз», — деди ал .
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: Turmush

Количество просмотров: 31