Нарын облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-августта саат 04:13тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
«Жердин силкинүүсү Ат-Башы районунун Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.