• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Нарындагы коомдук жайларга акысыз интернет берилет

22 Теке 202420:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн “Смарт — Нарын — 24” долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 тараптуу меморандумга кол коюлду.​ Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул долбоордун арты менен КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет.

Нарын шаарындагы 20 жеткиликтүү чекиттерде элге акысыз Wi-Fi түйүндөрү таратылаары мерчемделүүдө. Долбоор Борбордук Азия Университетинин жана «Билайн» компаниясынын колдоосу менен  ишке ашууда.

Бүгүн “Смарт — Нарын — 24” долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 тараптуу меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Борбордук Азия Университетинин жана “Скай мобайл” ачык акцинердик коомунун Нарындагы филиалынын өкүлдөрү катышты.

Долбоор 2024-жылдын август айынын ичинде ишке киргизилээри күтүлүүдө.

Количество просмотров: 102