• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

НАСА Айга уча турган астронавттарынын ысымдарын жарыялады

4 Чын куран 20239:48 Бишкек Govori.TV

АКШнын Космос агенттиги – НАСА “Артемида 2” миссиясына катыша турган төрт астронавтынын ысымдарын жарыялады. Алар айга келерки жылы учат.

Миссиянын курамына америкалыктар Кристина Кук, Виктор Гловер, Рейд Уайзмен жана канадалык Жереми Хансен кирди.

Астронавттар 50 жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу Айга жакын учкан алгачкы кишилер болуп калат. Алар жаңы муундагы ракета жана “Орион” космостук капсуласы менен учушат. Экипаж Айга конбойт, “Ориондун” иштөө мүмкүндүгүн текшерип, Жердин спутнигин айланып учуп чыгышат.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден астронавттарды Айга жөнөтүү – кийинки муунду космосту иликтөөгө шыктандыра турганын айтты.

«Артемида 2» миссиясы ийгиликтүү аяктаса, АКШ 2025-жылы экипажын Айга жөнөтөт. Анда Кристина Кук Жердин спутнигине барган алгачкы аял болуп калат.

Количество просмотров: 97