• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

НАТО: Орусия Украинага каршы агрессиясы үчүн жооп берет

1 Бештин айы 2021 15:03 Бишкек Govori.TV

НАТО Орусия эгер Украинага каршы аскердик агрессияга бара турган болсо, мунун арты олуттуу болорун эскертти. Киевдин маалыматына ылайык, Орусия чек арага он миңдеген аскерин жана оор техникасын топтогон.

Альянстын тышкы иштер министрлери Ригадагы жыйында орус-украин чек арасындагы кырдаалдан тышкары мигранттар кризисин талкуулап жатышат.

Жазында да Москва украин чек арасына 100 миңдей жоокерди тартып, кийин алардын санын азайткан.

Маалыматка ылайык, Латвиянын башкалаасындагы жыйында Киевге кошумча аскердик жардам берүү, альянстын чыгыш чек арасын бекемдөө маселеси каралышы ыктымал.

НАТОго кошулууга умтулган Украиананын атынан жыйынга тышкы иштер министри Дмитро Кулеба катышууда. 29-ноябрда министр кырдаалды олуттуу деп сыпаттап, «Орусияны ооздуктоо» үчүн эртерээк чара көрүү керектигин билдирди.

Орусия өз аймагында аскерлерин каалагандай жайгаштырууга укуктуу экенин айтып, коңшу мамлекетке кол салууга даярданууда деген маалыматтарды четке кагууда.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг журналисттерге Орусия Украинага каршы кайрадан күч колдоно турган болсо олуттуу түрдө жооп берип каларын айтты. Ал Батыш Москвага каршы санкция киргизгенин белгиледи.

«Сиздер кол салуунун ыктымалдуулугу 20 пайыз же 80 пайыз деп талкуулашыңыздар мүмкүн. Бул мааниге ээ эмес. Биз эң начар кесепеттерге даяр болушубуз керек», — деди Столтенберг.

Количество просмотров: 78