• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Нават» чайканасынын ээси кармалдыбы? УКМКнын жообу

20 Үчтүн айы 2021 18:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги «Нават» ресторанын тең ээси Сергей Острецов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Нават» ресторандар тармагынын кожоюну С.Острецовду кысым көрсөтүү жана өзүнүн компанияларынын акцияларын тартып алуу максатында камакка алынгандыгы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК 2009-жылдан азыркы мезгилге чейин күрөөканалардын тармагын жамынып алып, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактыларын иликтеп жатат. Ошондой эле, күрөөканалардын түйүнү аркылуу кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларын иликтөөгө байланыштуу, адамдардын тобу катышкандыгы текшерилет. «Наваттын» тең ээси ушул иш боюнча кармалды. Алар жөнүндө маалымат тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Сергей Острецов — «Нават» чайканасынын каржы директору. «РосФинансКредит» микрокредиттик компаниясынын, «Roslogist» («Рослогист») ЖЧКнын, «Атамикс Трейд» ЖЧКнын негиздөөчүсү.

Количество просмотров: 116