Бишкектеги «Нават» чайханасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Москва жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» чайханасында чыккан өрт тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 12ге жакын түшкөн.
«Учурда кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.