• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Назарбаев: «Айка» тасмасындагы көрүнүш Казакстанга тиешелүү эмес

8 Жалган куран 2019 13:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.03.2019. Govori.TV

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 7-мартта аялдарды 8-март эл аралык аялдардын күнү менен куттуктап жатып, «Айка» тасмасы тууралуу үн катты.

Ал Орусиядагы кыргыз мигрантынын көйгөйүн чагылдырган «Айка» тасмасындагы башкы каарманды ойногон Самал Еслямованы мактап, бирок казактар эч качан башка өлкөдө жалданып иштеп жүрбөгөнүн айтты.

— Самал Еслямова тасмада Казакстанды абдан жакшы үгүттөптүр. Эң негизгиси ал чет өлкөдөгү эмигранттардын абалын көрсөткөн. Мен дайым айтып келем, Кудайга шүгүр, эгемендүү 27 жылдын ичинде казакстандыктар эч бир өлкөдө жалданып иштеген эмес, — деди Нурсултан Назарбаев.

Айрым бейрасмий маалымат булактарга ишенсек, 1990-жылдан ушул убакка чейин Казакстандан тышка чыгып кеткендердин саны дээрлик 4 миллионго (3 882 782) чамалайт.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 38