Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы чек арадагы Ак-Жол – Автодорожный (КР) – Кордай-Автодорожный (РК) өткөрмө бекети аркылуу өткөнүн маалымдалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазды.
«Болат Назарбаев Кыргызстандын аймагына 6-январда кирген. Бирок ошол эле күнү ал «Манас» аэропортунан Бишкек-Дубай каттамы боюнча учуп кеткен», — деп билдирген редакция.
УКМКнын Чек ара кызматы бул маалыматты купуялуулукка шылтоолоп, комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске сала кетсек, 6-январда Bombardier Global Express авиакомпаниясынын “Назарбаевдики” елген учагы Абу-Дабиден “Манас” аэропортуна конгон. Ал ошол түнү кайра учуп кеткен.