• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Назарбаевдин иниси Коопсуздук комитетиндеги кызматында калды

14 Үчтүн айы 202223:44 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматында калды. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында 14-январда чыккан маалыматта айтылат.

“Улам-улам түшүп жаткан суроо-талаптарга байланыштуу С.Абиш УККнын жетекчисинин орун басары кызматында мурдагыдай эле иштеп жатат”,-деп маалымдады басма сөз кызматы. Маалыматта ошондой эле ал азыр жылда алчу эмгек өргүүсүндө экени белгиленет.

7-январда жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен Самат Абиш Алматыда кармалганын жазышкан. Анын артынан эле атайын кызмат бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Количество просмотров: 112