Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиштин кармалганы тууралуу маалымат тастыкталган жок, деп билдирди «Orda.kz».
Редакция башкы редактор Гүлнара Бажкенованын билдирүүсүн жарыялады:
«Назарбаевдин иниси Самат Абиштин кармалышы боюнча маалымат берген биздин булак жаңылыптыр, бул маалымат тастыкталган жок. Кечиресиздер, биз өзгөчө кырдаалда иштеп жатабыз жана биздин жалгыз милдетибиз — окурмандарыбызга маалымат берүү. Түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.