• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Назарбаевдин инисинин иши: 230 млн долларлык баалуу буюмдар кайтарылды

2 Жетинин айы 202216:09 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды уулуна карата козголгон арам акчаны адалдоо ишинин алкагында 230 миллион долларга тете баалуу таштар менен зер буюмдар Казакстанга кайтарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, баалуу буюмдар «алыскы чет өлкөлөрдөгү» ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында табылган.

Антикоррупциялык кызмат Сатыбалды уулу 300 миллион долларга баалуу кагаздарды да алганын маалымдап, бул акча жакында бюджетке түшөрүн билдирди.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал борбор калаанын акиминин орун басары кызматында иштеп, улуттук «Казахойл» жана «Казакстан темир жолы» компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясынын борбордук аппаратында иштеген. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Ал быйыл март айында кармалган. Сентябрда сот аны алты жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 133