• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Назарбаевдин небереси өз өмүрүнө кол салууга аракет жасады

4 Теке 2019 10:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Лондондогу мейманканалардын биринде өз жанын кыйганга аракет жасаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Айсултан Назарбаев ушул окуядан бир канча күн мурун дагы терезеден секирем деп коркутуп, ага тоскоол болгон полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп,тиштегилеген. Айсултандын мындай кадамдарга баруусуна 2017-жылдын сентябрында атасынын жана чоң атасынын (академик Мухтар Алиев) өлүмүнөн кийин наркотикке берилип кеткендиги себеп болгону айтылган.

Кошумчалай кетсек, Айсултан Назарбаев «Сандхерст» британ Падышалык аскер академиясын бүтүргөн.Казак Республикасынын футбол федерациясынын вице — президенти да болгон.«КазРосГаз» АКнун мурдагы башчысы Кайрат Боромбаевдин кызы Алимага үйлөнүп, учурда ортодо бир кызы бар.

Количество просмотров: 27