• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Руслан Татиков Финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду

7 Бирдин айы 202515:42 Бишкек Govori.TV

Татиков Руслан Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Татиков өзү да бул маалыматты соцтармак аркылуу тастыктады.

«Артка бир кылчайып карасам, окуу жайды аяктагандан кийин Улуттук университетинде Экономика багыты боюнча мугалим болуп, кийин 2006-жылы ноябрда Финансы министрлигинин босогосун аттап, алгач стажер катары иштеп баштаган элем. Андан бери 18 жыл өтүптүр. Ушул жылдар аралыгында аталган министрликте баа жеткис тажрыйба топтодум. Мамлекеттик кызматтын ысык-суугун көрдүм, ал эми ушул убакыт өз кезегинде мени чыныгы кесипкөй адис катары тарбиялады, чыйралтты. Анткени эмгек жолумду аталган мекемеде эң жөнөкөй иш кагаздарын жүргүзүүчү адистен баштап, ар бир тепкичти өтүп министрдин орун басарлыгына чейин көтөрүлдүм. Билинбей үч жарым жыл ушул позицияда иш алып барыптырмын»,- деп жазган Татиков.

Количество просмотров: 310