Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Борубаев Назирбекдин билими: Жогорку, Ташкенттеги ТИИИМСХ институтун инженер-жер пландоо адистиги боюнча аяктаган.
1969 — Лейлек районунун «Кара-Суу» сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими;
1975-1984 — «Кыргызгипрозем» институтунун Оштогу филиалында инженер, партиянын башчысы;
1984-1986 — Лейлек райондук айыл чарба башкармалыгында башкы инженер-жер пландоочу;
1986-1989 — Лейлек райондук элдик көзөмөл комитетинде инспектор;
1990 — партиянын Лейлек райондук комитетинде инструктор;
1992-жылга чейин Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин төрагасы;
1992-1994 — Лейлек районунун «Кара-Суу» айыл чарба кооперативинин төрагасы;
1994-1996 — Лейлек райондук агрардык реформа боюнча борборунда башкы адис;
1996-1999 — Лейлек районундагы Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы;
1999-2000 — Лейлек райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында башкы адис;
2000-2011 — Баткен облустук кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча борбордун директору;
2011-2013 — «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк аймактык бөлүмүндө башкы адис;
2013-2020 «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик долбоорлоо институтунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы.