• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Нерв болбош керек экен, үйдө жатам». Жапыкеев Финпол менен коштошту

11 Жалган куран 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

Жоюлуп кеткен Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев жамааты менен коштошту. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу достор, кече күнү Финполдун коллективи менен коштошуп, алар узатышты. Колдон келишинче иштештик. Баарын тапшырып, өткөрүп бергенче 4-5 күн өтүп кетти. Финполдун жамаатына ыраазымын. Финполдун төрагасы катары элим, жерим жана өлкө үчүн таза-так иштегенге аракет кылдым.

Эч жерден пара опузалап же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 миллион сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жаттык эле.

Баары оңой эмес. Мен акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп жүрүп, кант диабетим көтөрүлүп кетти. Дарыгерлер карап жатышат, нерв болбош керек экен, үйдө жатам. Ден соолук болбосо эч нерсенин кереги жок экен.

Достор, акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү. Эмне жок, эмне митингдерге чыкпайт деп мени издегендер көп. Мен мамлекеттик кызматкер катары митингге чыгып, өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 5-мартта өкмөт башчы Мариповдун буйругуна ылайык, Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлган.

Буга жүйө катары көз карандысыз эксперттерден жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн Мамлекеттик кызматтын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына карата терс пикирлердин жана бул орган коррупциялашканы айтылганы, ошондой эле анын ишкердикке мыйзамсыз кийлигишүүсү жагынан нааразычылыктар келип түшкөнү айтылган.

Количество просмотров: 731