• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шайыргүл Касымалиева театр саханасынан кетти

18 Тогуздун айы 2022 9:50 Бишкек Govori.TV

КР эмгек сиңирген артисти, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган кайталангыс талант Шайыргүл Касымалиева сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.


Шайыргүл Зарлыковна 1985-1989-жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын астанасын аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген. Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертурандагы спектаклдердин көркүн ачып келген.


Коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, Шайыргүл Касмалиеванын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар кесиптешинин мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты.

Количество просмотров: 2821