• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

“Нестан Дарежанды” үч тилде аткарган Элбарчын Калилова 26 жашка толду

26 Жетинин айы 201817:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.11.2018. Govori.TV
Кыргыз элинин таланттуу, кымча бел сулуу ырчы кыздарынын бири Элбарчын Калилова бүгүн, 26-ноябрда 26 жашка толду. Өздүк майрамын борбордогу эс алуу жайлардын биринде жакындары жана кесиптештери менен белгилейт.
Ал бир катар жагымдуу чыгармалары жана өзгөчө таланты менен элге таанылып келе жатат.
Алсак, буга чейин бир топ ырларды ырдаса да эч бири “Нестан Дарежандай” чыныгы сүйүүнү даңазалай албаганын айтып келет.

Картинки по запросу элбарчын калилова нестан дарежан

“Нестан Дарежан” ырын ырдап чыккандан кийин эле ага клип тартууну самап, ал үчүн 6 ай кетип, өтө чоң суммадагы каражат жумшалган. Клиптин идеясы дагы аткаруучунун өзүнө таандык, каармандарды да өзү тандаган.

 

“Баары даяр болгондон кийин Исрадин агайга көрсөттүм, ал аябай таң калып, белек берип куттуктады. Ошол эле агайдын кеңеши менен “Нестан Дарежанды”англисче жана түркчө ырдап чыктым”,-дейт Калилова.
Ырчылыкты жошоосуна айлантып, ансыз жашай албаган Элбарчынга жараткан үндү да, келбетти да бергенин айтып жүрөт.

Элбарчын Калилова 1992- жылы Ош облусунун Кара- Кулжа районундагы Ой- Тал айылында төрөлүп өскөн. Ата- энесинин айтымында  ырчы кыз өжөр, шамдагай, аттын кулагында ойногон кыз болгонун жана Алайкуунун таза абасы, тоолору менен суулары анын чыгармачылыгынын булагы болгонун айтып келет.
Өзгөчө үндүн ээси, көп кырдуу талант Элбарчын Калиловага  бекем ден соолук, узак өмүр жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
Количество просмотров: 51