• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Next TVнын директору Дүйшенбиев 48 саатка кармалды

4 Жалган куран 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиев УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Дүйшенбиев 48 саатка камакка алынды.

«Телеканал Телеграм каналына Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берип, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген кабар жайгаштырганы үчүн кармалган», — деп жазат Жээнбеков.

Буга чейин УКМК аталган кабарга байланыштуу телеканалга Жазык кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козгогон.

Количество просмотров: 74