• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Next TVнын» иши. Соттун алдында нааразычылык акция өтүүдө

5 Жалган куран 2022 13:27 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевдин бошотулушун талап кылгандар 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдына чогулушту. Алар журналисттерге, сөз эркиндигине басым жасоону токтотууну талап кылган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат.

УКМК Next TV телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деген негизде кылмыш иши козголгонун 3-мартта билдирген. Ошол күнү каналдын директору Таалай Дүйшембиев эки суткага камалган. Баш коргоо чарасы 5-мартта каралууга тийиш.

Атайын кызмат каналдын социалдык желедеги баракчаларында Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Украинадагы кырдаалда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар таратылган деп жүйө келтирүүдө.

Количество просмотров: 89