• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Next TVнын кызматкери милицияга суракка чакыртылды

3 Жалган куран 2023 11:42 Бишкек Govori.TV

Next TV телеканалынын кызматкери Тилек Жуматаев милицияга суракка чакыртылган. Бул тууралуу аталган телеканалдын башкы продюсери Дмитрий Ложников фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Жуматаев Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине күбө катары суракка чакырылган, бирок себеби белгилсиз.

“Биздин божомолдор боюнча, бул мессенджерлерде жана коомдук баракчалардагы жарыялоолорго байланыштуу болушу мүмкүн, анда айып пулду көбөйтүү маселеси талкууланган. 1-мартта Тилек Жуматаевдин үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан аңдуу уюштурулган. Алар Тилек Жуматаевдин туугандарынан аны кантип тапса болорун сурашкан”, – деп жазды ал.

Количество просмотров: 101