Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Next TV” телеканалынын Кыргызстанда көрсөтүүсүн токтотуу боюнча Башкы прокуратуранын арызын кароодо.
Судья Айнура Сатарова лингвист Жийдегүл Семёновадан маалымат каражаттарынын жарыяланышы президент Садыр Жапаровдун атын булгап жатканын эксперттер кантип аныктаганын сурады.
«Посттун астындагы комментарийлерде алар: «Физрук уулдарын согушка жөнөтсүн» деп жазышкан. Кыргызстандын президенти жөнүндө сөз болуп жатканы логикага туура келет», — деди эксперт.
«Бирок, мисалы, мен физрук ким экенин билбейм», — деди соттук отурумда төрагалык кылуучу.
Ал эми “Next TV” телеканалынын жактоочусу сотто сурак берген эксперттер бир катар укук бузуулар менен иш барышкан деп эсептейт.
Анын айтымында, постту талдаган эксперттер сурак берип жатып, анда эки элди бөлүүгө жол берди деген эч бир далил айта алышкан жок.
Эске салсак, 3-мартта УКМК телеканалдын директорун «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен козголгон иштин негизинде каналдын директору Таалай Дүйшембиевди камакка алган. Тергөө телеканалдын социалдык тармактагы баракчаларында Украинадагы кырдаалдан улам «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам бере турганы» жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган деп эсептейт.
Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат берген эмес.
Белгилей кетсек, кийинки отурум 29-мартка жылдырылды.