• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин соту жылдырылды

9 Аяк оона 202214:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-сентябрга белгиленген «Next TVнын» жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин ишин кароочу соттук отурум 21-сентябрга жылдырылды.

Белгелй кетсек, соттук кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болмок. Соттук териштирүүдө Дүйшембиевге сөз берилип, өкүм чыгары күтүлүп жаткан.

5-сентябрдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочу аны жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Анда тараптардын жарыш сөзү болуп, кийинки отурум 9-сентябрга белгиленген.

Улуттук коопсуздук комитети март айында аталган телеканалга каршы «улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен иш козгоп, директорун камакка алган.

Количество просмотров: 153