19-февралда Аламүдүн райондук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди
Анын айтымында, кийинки процесс 26-февралга дайындалды.
«Унаа бузулуп калды деген негиз менен Олжобай Шакир кечээ сотко алынып келинген жок»,-деди жактоочу.
Эске салсак, Олжобай Шакир 2023-жылдын 23-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин камалган.
Ага “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.