Бүгүн, 17-июнда белгилүү журналист Канышай Мамыркулованын соту өтмөк. Бирок, соттук отурумга эксперттин келбей койгондугуна байланыштуу отурум 26-июнга жылды.
Ошондой эле андан кийинки отурумдун да убактысы такталып, 30-июнь деп белгиленди.
Укук коргоочу Гүлшайым Абдирасулова сотко корутунду берген эксперттин келбей койгонуна нааразы пикирин билдирип, Мамыркулованын ден соолугу начар экенин айтты.
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Кийин бул чечим узартылган.
Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын бөгөт чарасына байланыштуу отурум Бишкек шаардык сотунда өттү.
Мамыркулованын камакка алынышы коомчулукта реакция жаратып, дароо өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдонгон. 21-мартта жергиликтүү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер, жалпысынан 60тай киши президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жазып, журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келерин айтышкан. Мамыркулованын саламаттыгы да абдан кооптуу абалда экенин белгилешкен.
Кайрылууда «Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун эл көрүп, билип турат. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, «бөрк ал десе, баш алган» жорукка сиздерди жол бербейт деген ишеничтебиз жана сиздерден калыс, акыйкат, адилет мамиле күтөбүз!» деп жазылган.
Мамыркулованын иши боюнча эл аралык уюмдар да кайрылуу жолдоп, анын иши калыс каралышы керектигин айтып жатышат. Мисалы, Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights — IPHR) кыргыз бийлигин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды.