• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ноокатта бала бакчанын мыйзамсыз сатылган жери муниципалдык менчикке кайтарылды

5 Жетинин айы 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан социалдык инфраструктура объектисинин мыйзамсыз сатылган жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2005-жылы «Арал» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын токтому менен Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн менчигинде турган «Арал» бала бакчасынын 0,18 га болгон жер тилкеси жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.

Жерди кайтарып алуу максатында, көзөмөл органы тарабынан жогорудагы кыймылсыз мүлккө тиешелүү укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотторго доо арыздар келтирилген.

Соттук кароолордун жыйынтыгы менен прокуратуранын доо арыздары толук канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 3 075 000 сом болгон 0,18 га аянттагы бала бакчанын жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Количество просмотров: 179