• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ноокатта коронавирус жуктурган адам эмнеден каза болгону тиешелүү изилдөөдөн кийин айтылат

3 Чын куран 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

Ноокатта коронавирус жуктурган адам эмнеден каза болгону тиешелүү изилдөөдөн кийин айтылат. Бул тууралу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, кайтыш болгон 61 жаштагы жаран умрага барып келген. Ал белгилегендей, каза болгон адамда башка оорулары да болгон.

«Кечээ күнү Ноокат районундагы ооруканада жаткан бейтап каза болду. Анын биринчи анализи оруу бар экенин көрсөткөн. Бирок анын кошумча кант диабети, өнөкөт оорулары бар экен», — деп ал, тиешелүү изилдөөдөн кийин бейтаптын өлүмүнүн негизги себеби эмне болгонун патологоанатом менен соттук-медициналык эксперттердин корутундусунун негизинде айтыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Количество просмотров: 205