• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ноокатта менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

14 Чын куран 2023 11:28 Бишкек Govori.TV

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ноокат райондук сотунун 2008-жылдагы чечими менен Кеңеш айыл аймагынын Арбын айылында жайгашкан бала бакчанын имараты менен 0,18 га жер тилкесине мыйзамсыз А.А. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген кассациялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган.

Андан соң, прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде баасы 19 млн 524 миң сомду түзгөн аталган 0,18 га жер тилкеси менен бала бакчанын имараты Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 83