• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ноокатта жеке ишкер сабалып, каракталды

16 Бештин айы 2019 17:43 Бишкек Govori.TV

Ноокат районунда жеке ишкер Шаимбек Алимбаевдин сабалып, каракталганы боюнча милиция тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Турмуш” сайты жазды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу буга чейин коркутуулар болуп жатканын жана коопсуздугун камсыздап берүүнү суранып Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылганын социалдык тармактагы баракчасына жазган. Арадан көп өтпөй сабалып, жанындагы 200 миң сомдон ашык акчасын жана уюлдук телефонун карактап кетишкен.

«Мени 11-декабрь күнү түндө сабап кетишип, учурда Ноокат аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө жатам. Мени сабагандар буга чейин иним менен чогуу иштеген, укук коргоо органдарында иштеген жигиттер. Алар көмүр кенин чогуу иштетип баштап, иним каза болордо акциянын баарын кайра каттатышып, иниме 4 млн сом карызды «илип» коюшуптур. Чыр ошондон башталып, коркутуулар болду. Ноокат РИИБге кайрылгам. 11-декабрь күнү артымдан аңдып келишип, сабап, уюлдук телефонумду тартып алышты. Жанымда усталарга деген 200 миң сом жана бирөө берген 26 миң сом акча бар болчу. Аларды да сабалгандан кийин таппай калдым», — деп билдирген Шаимбек Алимбаев.

Жеке ишкер сабады делген Болот, Гүлжигит жана Алтын аттуу жигиттер Ш.Алимбаевдин айткандарын төгүндөп, жалган-жалаа экенин айткан.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, Шаимбек Алимбаев милицияга 9-11-декабрь күндөрү арыз менен кайрылган. Учурда токмоктолуп, каракталганы боюнча комплекстүү экспертиза дайындалган.

«Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин чара көрүлөт», — деп билдиришти Ош ОИИБден.

Количество просмотров: 139