• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ноокатта окуучуну сүзүп кеткен ИИМ кызматкерине териштирүү иши башталды (видео)

21 Бирдин айы 2018 17:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.02.18.Govori.TV
Ноокатта  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн унаасы окуучуну сүзүп кеткен.  Окуя болгон жерден тартылган видео тасма интернет тармагына жайгаштырылган. Бул боюнча Govori.TV сайты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылганда төмөнкү маалыматты берди.

“Окуя 20-февраль күнү саат 16:20 чамасында Ноокат шаарындагы Ош көчөсүндө болгон. 2-класстын окуучусу 9 жаштагы М.Р. жолдун тосмо менен бөлүнгөн жеринен өтүүгө аракет кылган. Анын ата-энеси медициналык жардамдан баш тартты. Бирок 21-февралда Ноокат ЖКККБнын кызматкерлери баланы медицианалык мекемеде текшерүүдөн өткөрүүнү талап кылган. Анын жыйынтыгында окуучу жаракат албаганы аныкталды” -дейт ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалы.

Учурда аталган факты Ноокат РИИБге катталды. Топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп, териштирүү иштери башталды.
Количество просмотров: 9