• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан чабанды издөө иштери уланууда 

11 Үчтүн айы 202513:04 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда дайынсыз жоголгон чабанды издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 11-январда издөө иштерине 57 адам, 4 дрон жана спутниктик байланыш каражаттары тартылды.

Алардын 36сы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, 15и Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, ал эми алтоо жергиликтүү тургундар.

Эске салсак, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1978-жылы туулган М.Д. Сүттү-Булак жайлоосуна мал жаюуга чыккан бойдон кайтып келген эмес. Издөө иштери 17-декабрдан бери уланууда.

«Издөө иштери өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин жеке көзөмөлүнө алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 218