• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Нооруз майрамынан кийин Баткенде төрт бала изделүүдө

23 Жалган куран 2018 11:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV

Баткен шаарында 21-марттан бери 4 мектеп окуучусу изделүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат болжол менен 09:00 чамасында Баткен шаарынын тургуну 2005-жылы туулган Адилет Полотов жана 2006-жылы туулган Азизбек Мамытов өздөрү жашаган үйдөн Баткен шаарынын борбордук стадионуна майрамга барабыз деп чыгып кетишкен боюнча дайынсыз болууда.

Ал эми ошол эле Нооруз майрамы күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 2002-жылы туулган Кубат уулу Бекболот жана 2007-жылы туулган Ташбаев Илимбек аттуу балдар Нооруз майрамына карата борбордук стадионго үйлөрүнөн чыгып кетишкен боюнча кайра кайрылып келишкен эмес.

«Балдарды издөөгө көмөк корсөтүүнү суранабыз, ошондой эле кандайдыр бир маалымат болсо тез аранын ичинде Баткен ОИИБинин төмөнкү телефон номерлерине билдирип коюуңуздарды суранабыз«,- деп билдирет басма сөз кызматынан.

Байланыш телефондор: (03622) 5-01-24 (03622) 5-17-56 (03655) 5-00-68, 0772 15-07-81, 0770 21-33-28.

 

Булак:СуперИнфо

Количество просмотров: 6