• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Нооруз майрамында борбордогу кайсы көчөлөр жабылат. Тизме

20 Жалган куран 20189:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.03.2018.Govori.TV.

21-март Нооруз майрамында Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү бир нече көчө жабыларын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Саат 6.00дөн 22.00гө чейин төмөнкү көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабык болот:

Чүй проспектиси, Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;
Панфилов, Логвиненко көчөлөрү менен Эркиндик проспектиси, Чүйдөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Абдымомунов көчөсү, Эркиндик проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин;
Панфилов, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү, Абдымомуновдон Фрунзеге чейинки бөлүгү.

Маал-маалы менен Киев, Фрунзе, Иманалиев (Гагаринден Лев Толстойго чейин) көчөлөрү жабылып турат.

Количество просмотров: 22