Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кара-Балта тоо-кен комбинатына барды, анда комбинаттын жана тоо-кен өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен сырьену ташып келип, ишканада иштетүүнү уюштуруу максатындагы жолугушууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Биздин милдет – тоо-кен өндүрүү комбинатынын ишин толугу менен калыбына келтирүү. Учурда комбинатта алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жыйынтыкталууда. Мындай фабрикалар кен өндүрүлүп жаткан аймактарда да курулууда. Кара-Балта тоо-кен комбинатынын өндүрүштүк кубаттуулугун пайдалануу, жүктөө максатында тоо-кен ишканалары жана сырьену иштетүүчүлөр ортосунда кооперацияны жайгаруу бонча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл», — деди ал.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу тийиштүү мамлекеттик органдарга суу түтүгүн өткөрүү үчүн финансы каражатын бөлүү жана электр энергиясын пайдалануу лимитин жогорулатуу менен балдар мекемесинин аймагын көрктөндүрүү маселесин чечүүнү тапшырды.