• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Новиков «Кызыл-Бел» жана «Кайрагач» өткөрүү пунктуна барды

9 Бештин айы 202017:42 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында пландаштырылган графиктен тышкары «Кызыл-Бел — Автожол» жана «Кайрагач — Автожол» өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган өткөрүү пункттарын көрүүдө инспекциялык текшерүү комплексинин жана видео көзөмөл тутумунун ишиндеги айрым кемчиликтер аныкталган.

Жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин м.а. КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге ыкчам топ түзүп, аталган өткөрүү пункттарына толук текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүү тапшырмасын берди.

Количество просмотров: 89