• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Новиков: Өлкөдөгү эпидабал акыркы жумада өзгөрдү

26 Чын куран 2021 12:24 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министри  Артем Новиков өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын алкагында өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медициналык кызматкерлер менен камсыздалышы боюнча актуалдуу маселелер, ошондой эле COVID-19 чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.

«Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Биз күнүнө COVID-19 чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык. Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Баардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. COVID-19 кабылгандардын саны Бишкек шаарында байкалып жаткандыгын эске алуу менен, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25 ке чейин жогорулатуу, кошумча Медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгына намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштады. Ошондой эле театр, кинотеатрлардын толтурулушу 50% ашпастыгын тыкыр көзөмөлдөө жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл. Бул чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу зарыл болууда.

Новиков белгилегендей, өлкөгө «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинди. Ошондой эле кытай вакцинасы менен вакцинациялоо жүрүүдө. COVID-19 алдын алууга жана тобокелдик тобундагыларды вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Абал күн сайын көзөмөлдө болушу керек.

Штаб жыйынынын соңунда COVID-19 кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, коргоо каражаттары жана кычкылтек берүү тутуму менен камсыздалышын мониторингдөө жана контролдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Количество просмотров: 2426