• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирус: Бишкекте мечиттер текшерилди

6 Теке 2021 9:48 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов акимиаты мечиттерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Уюштуруучулар коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу, беткап тагынуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча плакаттарды таркатышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылыңыздар. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Беткап тагынууну, колуңузду антисептик менен тазалоону, аралыкты сактоону унутпаңыздар», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 131