• Ишенби 23 Тогуздун айы 2021

Бүгүн 69 адамдан COVID аныкталды

5 октября 2021 в 9:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 5-октябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 32,

Чүй облусунда – 21,

Талас облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 9,

Жалал-Абад облусунда – 6.

Акыркы суткада 2 бейтап таажы илдетинен көз жумду.

Ал эми бир суткада 84 адам илдеттен сакайып чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 684 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 852 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 622 киши айыгып чыкса, 2 миң 610 адам каза болду.

Количество просмотров: 43