• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Новиков: Мектептерди толук кандуу ачуу азырынча эрте

18 Бирдин айы 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Биринчи вице-премьер балдардын пневмонияга чалдыгуусуна байланыштуу кеңешме өткөрдү.

Артем Новиков балдар арасында сасык тумоо, пневмония жана Кавасаки синдромуна окшош оорулардын көбөйүүсү коомчулукта кооптонууларды жаратып жатканын баса белгиледи.

«14 жашка чейинки балдар боюнча медициналык маалымат кампасын чогултуп, күнүгө сасык тумоо менен пневмониянын эсебин алып туруш керек. Менчиктин кайсы түрүнө карабай, бардык билим берүүчү мекемелер ар бир бала тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Мектеп жана мектепке чейинки мекемелер азыр жарым жартылай аралыктан иштеп жатат, COVID-19 вирусуна толук кандуу анализ жасалмайын аларды жапырт ачуу тууралуу сөз кыла албайбыз», -деди Артём Новиков.

Количество просмотров: 303