• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Новиков Нарын облусундагы асыл тукум мал чарбасынын иши менен таанышты

6 Бештин айы 2020 8:53 Бишкек Govori.TV

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ат-Башы районундагы асыл тукум мал чарбасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Асыл тукум чарбасында «Герофорд» породасындагы 500дөн ашуун бодо мал бар.

Фермага барган учурда мал чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоо, анын ичинде жеңилдетилген насыя берүү маселеси талкууланды. Мындан тышкары, жер ресурстарына байланыштуу маселелер дагы каралды.

Тармактык мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде бул чарбага колдоо көрсөтүү маселесин карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 59