Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жемиштүү кызматташуусунун аркасында №3 мекемеде башталгыч жалпы билим берүүчү классы ачылды.
Салтанаттуу аземде куттуктоо сөздөрүн ЖАКнын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов, Болот Иманалиев, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Динара Тургуналиева, № 2 — орто мектеп-лицейинин директору айтышты.
Коррекциялык орто мектептердин ишин токтотконуна үч он жыл болду. 2021-жылы мекемелерде башталгыч билими жок 450 адам болгон. Көп жылдар бою бул ЖАК үчүн көйгөй болуп келген.
Ал эми, КР Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 23-беренесине ылайык, атайын мекемелердин администрациясы соттолгондорго жалпы жана кесиптик билимди акысыз алуу үчүн шарттарды түзүшү керек.
Ошондуктан, 2022-жылдын январь айында ЖАКнын жетекчилиги республиканын түзөтүү мекемелеринде жаткан адамдарга билим берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КР Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган.