5-сентябрдан тарта Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү токтотулат.
Мындай чечим санитардык, экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Чечим экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган.
Белгилей кетсек, мындан ары маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы көрүстөндө жүргүзүлөт.