• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жумгалда иттер мүрзөлөрдү казып жатат (сүрөт)

10 Жетинин айы 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Жумгал районунун Чаек айыл аймагына караштуу Ак-Татыр айылынын тургундары жолбун иттерди аттырууну суранышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Алардын айтымында, ээн жүргөн иттер атылбагандыктан тоо этектеги мүрзөлөрдү казып жатышат. Андыктан эл кооптонуп иттерди атууну суранышууда.

Ал эми Жумгал районунун акиминин орун басары Бакыт Жээналиев бул боюнча тапшырма берилгенин ырастап, жакында иттерди атуу иштери башталарын билдирди.

Булак: Turmush.

Количество просмотров: 1956