3-сентябрда муниципалдык инспекция борбор калаадагы 209 чарба субъектилеринин санитардык абалынын сакталышы боюнча текшерүү өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Жеке жана юридикалык жактар тарабынан Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын аткарбаган 53 факты аныкталган. Салынган айыптардын жалпы суммасы 589 миң 500 сомду түздү.
Свердлов району боюнча 186 миң 500 сомго 19 протокол түзүлдү;
Октябрь району боюнча 170 500 сомго 13 мыйзам бузуу катталган;
Биринчи май району боюнча 117 миң 500 сомдук 11 протокол жазылды;
Ленин районунда 115 миң сомдук 10 көрктөндүрүү эрежесин бузуу фактысы аныкталган.