• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ноябрь айынын биринчи аптасында ун дагы кымбаттады

10 Жетинин айы 2019 12:53 Бишкек Govori.TV

Ноябрь айынын биринчи жумасында мониторингге ылайык, Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы дагы жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Буга чейин өкмөт бир жылдын ичинде биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын билдирген.

Ун октябрь айында сентябрга салыштырмалуу килограммына 1,47 сомго (3,9 пайыз) кымбаттаган болчу. Ал эми бир жуманын ичинде дагы 40 тыйынга (1 пайыз) жогорулады, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул тапта жогорку сорттогу буудай уну Бишкек шаарында 39 сомго, Ош шаарында 51 сомго, Ноокатта 50 сомго, Балыкчыда 45 сомго, Чаекте 36 сомго, Токтогулда 37 сомго, ал эми Баткенде 39 сомго бааланып жатат.

Количество просмотров: 597