Нур-Султан шаардык маслихатынын депутаттары 15-сентябрдагы жыйынында борбор шаардын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү тууралуу демилгени «бир добуштан» колдоду.
Нур-Султан шаарынын ономастикалык комиссиясынын мүчөсү Буркитбай Аяган 2019-жылы баш калаанын аталышын экс-президент Нурсултан Назарбаевдин урматына өзгөртүү «шашылыш» чечим болгонун айтып, ошол эле маалда туңгуч президенттин «эмгектерин таанууга» чакырды.
— Мамлекеттин тарыхында мындай учурлар болуп турат. Шаарга Астана деген аталышын кайтаруу сунушубуз талаптарга жооп берет. Бул коомчулукту бириктирет. Анткени биз азыр ажырымды көрүп турабыз. Нурсултан Абишевич да муну туура кабыл алып, таарынбайт деп ойлойм», – деди Аяган.
Казакстан Жазуучулар союзунун катчысы Даулеткерей Капулы «мамлекеттин тагдыры бир адамдын тагдырынан жогору» экенин билдирди. «Нур-Султан деген аталыш жазучуулардын чыгармаларында түбөлүк сакталып калат. Астананын Казакстандын тагдырына чоң таасири болот. Ошондуктан бул тарыхый чечимди туура деп эсептейбиз. Жазуучуларда башка пикир жок», – деди Капулы.
Жыйындын жүрүшүндө мындай чечим кабыл алууда Телеграм-каналдардагы түрдүү сурамжылоолордун жыйынтыктары эске алынганы, аларда жарандардын 80% ашыгы шаарга Астана деген аталышын кайтарууну колдогону айтылды. Шаардык кеңештин депутаттарынын айтымында, жыл башынан бери баш калаага мурдагы аталышын кайтаруу боюнча аларга 17 сунуш келип түшкөн.
Шаардык маслихаттын катчысы Ерлан Каналимов 2019-жылы борбор шаардын аталышын өзгөртүүнүн алкагында гербдерди, жазууларды жана бланктарды алмаштырууга 30 миллион теңге корогонун билдирди. Анын айтымында, иш кагаздарынын көбү санариптешкендигин эске алганда, бул жолкусунда чыгымдар кыйла аз болот.
Буга чейин юристтер шаардын аталышын өзгөртүүгө кете турган чыгымдарды баалап чыгып, Каналимов атаган сандардан кыйла көп болорун билдиришкен.
Эгер шаарга Астана деген аталышын кайтаруу сунушун өкмөткө караштуу Республикалык ономастикалык комиссия колдосо, маслихат депутаттарынын бул чечими президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Сентябрдын башында «Аманат» (мурдагы «Нур-Отан») партиясынын депутаттары Нур-Султанды кайрадан Астана деп өзгөртүүнү сунушташкан. 13-сентябрда Казакстан президентинин басма сөз кызматы Касым-Жомарт Токаев бул демилгени колдогонун билдирген.